Өмүрдү узартып, онкологиялык оорулардын алдын алган азыктар аталды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүПродовольственная рождественская ярмарка во Владивостоке
Продовольственная рождественская ярмарка во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Адистер өсүмдүк белогу курамында бар азыктардын катарын төө буурчак менен буурчак да толуктаарын билдиришкен.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Дарыгерлер куурулбаган жер жаңгак, грек жаңгагы жана ашкабактын уругу адамдын өмүрүн узарта турган касиетке ээ экендигин билдиришти. Бул тууралуу РИА Новости дарыгерлер Елена Малышева менен Андрей Продеустун айтканына таянып жазды.
Алар Биринчи каналдын эфиринен өсүмдүк белогуна бай азыктардын пайдасын кеп кылышкан.
Сбор черники в лесу в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2020
Витаминдерге бай. Организмге пайдалуу деген 10 азык тизмектелди
Белок өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын белогу деп бөлүнөт.
Медиктердин айтымында, жаныбарлар белогун өсүмдүктүкүнө алмаштырганда онкологиялык оорулардан, кан басымынын жогорулашынан, инсульт жана инфаркттан каза болуу кооптуулугу азаят.
Малышева өсүмдүк белогунун суткалык нормасы 60 грамм жер жаңгагында, грек жаңгагы менен ашкабактын уругунда сакталарын айткан.
"Орточо эсеп менен 100 граммга алганда арахисте 25,8 грамм, ашкабак уругунда 24,5, грек жаңгагында 24,1 грамм белокту толуктайт", — деген Продеус.
Адистер өсүмдүк белогу курамында болгон азыктардын катарын төө буурчак менен буурчак да толуктаарын билдиришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0