Баткенде айыл чарбаны өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя бериле баштады

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Өткөн жылы облус боюнча "Айыл Банк", "РСК Банк" тарабынан 914 ишкер мамлекеттен 432 миллион 50 миң сом жеңилдетилген насыя алышкан.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Баткен облусундагы дыйкан, фермер, багбандар жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү каалаган өндүрүшчүлөргө жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Арзан насыялар айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө, айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Айыл чарбасын каржылоо-9" долбоорунун алкагында берилет.
"Алты жана он пайыздык насыялар дыйканчылыкка, мал чарбасына, багбанчылык жана кайра иштетүүгө, ишкердик субъектилерин каржылоого, лизингге техника алууга берилет. Аймактын климаттык шартына ыңгайлуу, мисалы, суу таңкыс аймактарда тамчылатып сугаруу боюнча сунуштар колдоого алынат жана органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө артыкчылыктар берилет", — деп айтылат маалыматта.
Түшүм чогултуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Дыйкан-фермерлер жеңилдетилген кредитти кантип кайдан алса болот. Шарттары
Жеңилдетилген насыя алууну каалагандар Баткен облусундагы "Айыл Банк", "РСК Банк", KICB, "Оптима", "Кыргызстан" банктарына кайрылса болот.
Белгилей кетсек, 2020-жыл ичинде облус боюнча "Айыл Банк", "РСК Банк" тарабынан 914 ишкер мамлекеттен 432 миллион 50 миң сом жеңилдетилген насыя алышкан.
Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен лизингге техника алса, 10 ишкер кайра иштетүү багытында насыя алып, чакан ишкерлик баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0