Эртең мененкисин туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керек

© Фото / Pixabay/ ponce_photographyЭртең мененки тамак. Архив
Эртең мененки тамак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Адис салмак таштайм дегендерге да кеңеш берип, аларды калориялуу тамактарды такыр эле жебей койбошу керектигин айткан.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Диетолог Рейчел Пол эртең менен туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керектигин айтып бергенин Р-Спорт жазды.
Адистин айтымында, эртең мененки тамакта колдон келсе белокко жана майга бай жумуртка, авокадо, Омега-3 май кислотасына бай лосось болушу керек.
Спорт менен машыгып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
40тан ашкан аялдар кантип арыктаса болот? Диетологдун кеңеши
Ал эми түштөнүү менен кечки тамактын жарымы жашылча менен көк чөптөн турушу зарыл. Шам-шум эте калганда жаңгак, семичке чагып, быштак же грек йогуртун жесе болот.
Диетолог кошумчалагандай, арыктайм дегендер калориялуу тамактардын бардыгынан баш тартып, кээ бир тамактарды такыр жебей койбошу керек. Мындай ыкма психологиялык көйгөйлөргө алып келип, адамды кайра толдуртат. Ошондуктан салмак таштоонун башында калорияны аз-аздап кыскартуу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0