Садыр Жапаров Кувейттин эмирин мамлекеттик улуттук күнү менен куттуктады

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДосрочные выборы президента Кыргызстана
Досрочные выборы президента Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Жапаров Наваф аль-Ахмад аль-Жабер аль Сабахка бекем ден соолук жана жоопкерчиликтүү ишине албан ийгиликтерди, ал эми Кувейт элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кувейттин эмири шейх Наваф аль-Ахмад аль-Жабер аль Сабахты мамлекеттин улуттук күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Кыргызстан менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы достукка, өз ара колдоого жана ишенимге негизделген мамилелерди эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары жогорку даражага алып чыгуу максатында биргелешип иш алып барууга чын дилимден даярдыгымды билдирем", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Садыр Жапаров Наваф аль-Ахмад аль-Жабер аль Сабахка бекем ден соолук жана жоопкерчиликтүү ишине албан ийгиликтерди, ал эми Кувейт элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0