"Түндүк электр": 1-мартта карызы бар 5 миң абоненттин жарыгы өчөт

© AFP / JOHN MACDOUGALLЖогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын жумушчулары. Архив
Жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын жумушчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
"Түндүк электр" жарыксыз калбаш үчүн жарандарды эсептерди убагында төлөөгө чакырды. Абоненттер канча карызы бар экенин интернет аркылуу биле алат.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жаз келери менен, 1-мартта, карызы бар беш миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Жарандар сайтына кирип "Абоненттин балансы" деген рубрикадан жарык үчүн канча карызы бар экенин биле алышат. Мындан сырткары, күнү-түнү иштеген 1209 Call-борборго чалып же 0551 001209 WhatsApp номерине жазса болот.
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Эскертүү! Бүгүн кечинде Бишкек — Ош жолу дагы жабылат
"Түндүк электр" жарыксыз калбаш үчүн жарандарды карызды убагында төлөөгө чакырды.
Электр энергиясы үчүн канча карызы бар экенин билүү үчүн balance сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнө кирсе болот. Ал үчүн эсеп номерин билүү керек.
Каражатты терминал, электрондук капчык, банк жана почта аркылуу төлөөгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0