Косметолог уйкунун сулуулук менен байланышын айтып берди

© Фото / Pixabay/ xiangying_xuКыз төшөктө уктап жатат. Архив
Кыз төшөктө уктап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Дарыгер белгилегендей, жакшы уктоо үчүн жаздыкты туура тандоо зарыл. Эгер жаздык туура тандалса, уйку учурунда моюнда кан айлануу жакшы жүрүп, эртең менен адам шишибей, башы оорлошпой ойгонот.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Медицина илимдеринин доктору, дарыгер, дерматолог-косметолог Светлана Жабоева теринин эрте картайып кетүүсүн алдын алуу үчүн толук кандуу уйку маанилүү экенин, канча саат, кандай абалда уктоо керектигин айтып берди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Девушка гуляет по пляжу. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2020
Селкидей көрүнгөн британиялык келин элди таң калтырууда. Сүрөт, видео
Косметологдун айтымында, жаздыктын баары эле жарай берет. Болгону анын бийиктиги ийиндин көлөмүнүн жарымынан кичине болбошу керек. Ал адамдын кандай абалда уктаганы, алсак, чалкасынан, көмкөрөсүнөн, капталынан жатканы да өтө маанилүү экенине токтолгон.
"Ыңгайлуу жатып уктоо абдан маанилүү. Эң башкысы — көмкөрөңөр менен бетти жаздыкка коюп жатпагыла! Эгер моюнда остеохондроз болсо, анда сөзсүз түрдө туура абалда жатууга көңүл буруңуз", — деген адис.
Косметолог сулуулукту сактап, теринин жакшы абалда болушу үчүн уйку дагы маанилүү экенин белгилеген. Эгер уйку канбай калса, анда ал организмдеги зат алмашуу процесстерине таасирин тийгизет. Ошол себептен уйку жети сааттан кем болбошу керектигин айткан.
Дерматолог ошондой эле жатарда суусундукту көп ичпөөнү эскерткен. 
Жаңылыктар түрмөгү
0