Нарында азык-түлүк, буюм-тайымды арзандатуу үчүн жарманкелер уюштурулду

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүЖарманкеде жашылча-жемиш сатуу. Архив
Жарманкеде жашылча-жемиш сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Мындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалып жатат.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Нарын облусунда калкка зарыл болгон азык-түлүк жана буюм-тайымдардын жарманкелери уюштурулуп жатат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Мындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалууда.
© © SputnikНарын облусунда калкка зарыл болгон азык-түлүк жана буюм-тайымдардын жарманкелери уюштурулуп жатат
Нарын облусунда калкка зарыл болгон азык-түлүк жана буюм-тайымдардын жарманкелери уюштурулуп жатат - Sputnik Кыргызстан
1/4
Нарын облусунда калкка зарыл болгон азык-түлүк жана буюм-тайымдардын жарманкелери уюштурулуп жатат
© © SputnikБул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди
Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди
© © SputnikМындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалууда
Мындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалууда - Sputnik Кыргызстан
3/4
Мындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалууда
© © SputnikЖарманке ушул жылдын 1-апрелине чейин жума сайын жер-жерлерде өткөрүлүп турмакчы
Жарманке ушул жылдын 1-апрелине чейин жума сайын жер-жерлерде өткөрүлүп турмакчы - Sputnik Кыргызстан
4/4
Жарманке ушул жылдын 1-апрелине чейин жума сайын жер-жерлерде өткөрүлүп турмакчы
1/4
Нарын облусунда калкка зарыл болгон азык-түлүк жана буюм-тайымдардын жарманкелери уюштурулуп жатат
2/4
Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди
3/4
Мындай иштер өкмөттүн аппаратынын тапшырмасына ылайык, бааларды базар наркынан арзандатуу максатында жасалууда
4/4
Жарманке ушул жылдын 1-апрелине чейин жума сайын жер-жерлерде өткөрүлүп турмакчы
Жарманке ушул жылдын 1-апрелине чейин жума сайын жер-жерлерде өткөрүлүп турмакчы.
"Бүгүн, 25-февралда, мындай жарманке Жумгал районунун Куйручук айылында өткөрүлдү. Аталган айылдагы мал базарга келген район тургундары жарманкеге да катышып, керектүү азык-түлүк, буюм-тайымдарын арзаныраак баада алышты", — деп айтылат маалыматта.
Жарманкелер төмөнкү даректерде уюштурулат:
  • Нарын шаарынын Ленин көчөсү, "Санэпид" аймагы — 1-8-15-22-29-мартта;
  • Ак-Талаа районунун Баетов айылы - 5-12-19-26-мартта;
  • Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы - 28-февралда, 7-14-21-28-мартта;
  • Кочкор районунун Теңдик айылында — 27-февралда, 6-13-20-27-мартта;
  • Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Өрнөк айылы — 27-февралда, 6-13-20-27-мартта;
  • Жумгал районунун Куйручук айылы — 4-11-18-25-мартта жана 1-апрелде уюштурулмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0