Депутат: айыпка жыгылган айдоочулар "Коопсуз шаарды" сотко берсе утуп алат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Бактыбек Турусбеков. Архив
Депутат Бактыбек Турусбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Эл өкүлү жол чийиндери жана камералар эл аралык талаптагыдай коюлбай, айдоочуларга шарт түзүлбөгөнүн белгиледи.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жол эрежесин бузуу менен айыпка жыгылган айдоочулар "Коопсуз шаарды" сотко берсе утуп алат. Бул туурасында парламенттин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.
Алгач эл өкүлү "Коопсуз шаар" долбоору бизнес эмеспи деген суроо салды. Буга ички иштер министринин орун басары биринчи кезекте коопсуздук экенин айтты.
"Бул түздөн-түз бизнес, айып салып акчасын чогултуп аласыңар. Байкуш айдоочулар сотко берсе силерди утуп алат. Себеби айдоочуларга шарт түзүп берген жоксуңар. Жол чийиндерин, камераларды эл аралык талаптагыдай орнотпой "шпиондук" менен коюп, эреже бузганга мажбур болуп жатышат. Аэропортко бараткан жолго саатына 40 чакырымдык чектөөнү коюп койдуңар, ал эми мектептер жабык. Көлгө бараткан жолдо камера деген белги бар, бирок биринде да канча ылдамдык менен жүрүү керектиги жазылган эмес", — деди депутат.
Унаасын 8 жыл мурун саткан кишиге жарым миллион сомдук айып кагазы келди. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2020
Унаасын 8 жыл мурун саткан кишиге жарым миллион сомдук айып кагазы келди. Видео
Ошондой эле ал Бишкектин Горький көчөсү менен Манас проспектинин кесилишинде чийилген сызыкка эки автоунаа батпай турганын айтып, айла жок чийинди тебелеп өткөнү үчүн айып салынып жатканын мисал келтирди.
Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоору 2019-жылдын 4-мартында ишке киргизилген. Ушул кезге чейин автоунаа ээлерине 2 миллион 163 миң 576 айып кагазы жиберилген. Учурда айыптардын 1 миллиард 527 миллион 330 миң 540 сому же 64,9 пайызы төлөндү. Ал эми эреже бузганына макул болбой 161 айдоочу ЖКККББга кайрылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0