БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы айып короодогу автокөлүктөрдү каттатып берем деп алдамчылыкка шектелген кишини арыздын негизинде кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Октябрь райондук милициясына 19-февраль күнү убадасын аткарбай алдап кеткен адамга чара көрүүнү өтүнүп, шаар тургуну кайрылган.

Арыз ээсинин айтымында, М. аттуу адам ишенимине кирип алып, айып короодо көптөн бери токтоп турган 20дан ашык автоунааны анын атына каттап берүүнү сунуш кылып, бул кызматы үчүн 170 миң сом сураган. Ал киши аталган суммадагы акчаны алгандан соң качып кеткен.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 49 жаштагы М.К. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Милиция аталган жарандардын дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун териштирип жаткандыгын кошумчалады.