Өлкөдө коронавирустан үч адам каза таап, 66 киши ооруну жуктуруп алды. Статистика

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Тилекке каршы, өткөн суткада COVID-19 илдетинен Бишкекте эки жана Ысык-Көлдө бир киши көз жумган. Ушуну менен каза тапкандардын саны 1 463 болду.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан үч адам каза таап, 66 киши ооруну жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
"Учурда стационарда 358 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 77 адам оор, 18и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 328 бейтап бар", — деп айтылат маалыматта.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек — 27;
  • Чүй облусу — 24;
  • Ош облусу — 6;
  • Нарын облусу — 2;
  • Ысык-Көл облусу — 6;
  • Баткен облусу — 1.
Ушуну менен жуктургандардын саны 86 091ге жетти.
Өткөн суткада COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек — 19;
  • Ош шаары — 2;
  • Талас облусу — 3;
  • Нарын облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Жалал-Абад облусу — 5;
  • Баткен облусу — 2.
Акыркы суткада 68, ал эми пандемиядан бери 83 006 адам сакайган.
Тилекке каршы, өткөн суткада COVID-19 илдетинен Бишкекте эки жана Ысык-Көлдө бир киши көз жумган. Ушуну менен каза тапкандардын саны 1 463 болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0