Кайсы кесиптин ээлери ичимдикке жакын болот? Изилдөө

© REUTERS / Andreas GebertСыра ичип жаткан адамдар. Архив
Сыра ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Адистер  2006-жылдан 2010-жылга чейин 40 жаштан 69 жашка чейинки курактагы 100 миң адамдын маалыматын анализдешкен. Анкетада катышуучулар күн сайын канча ичимдик ичерин айтып, кесиби тууралуу жазышкан.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Улуу Британияда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча ичимдикти курулуш жана өндүрүш тармагында иштеген эркектер көп колдоно турганы маалым болду. Бул тууралуу BMC Public Health журналына жарыяланган макалага таянып РИА Новости кабарлады.
Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2019
Кайсы кесип ээлери төшөктө активдүү болот? Окумуштуулардын пикири
Жумуш менен ичимдик колдонуунун ортосундагы байланышты баалоо үчүн изилдөөнүн авторлору 2006-жылдан 2010-жылга чейин 40 жаштан 69 жашка чейинки курактагы 100 миң адамдын маалыматын анализдешкен. Анкетада катышуучулар күн сайын канча ичимдик ичерин айтып, кесиби тууралуу жазышкан.
"Сурамжылоодон кийин окумуштуулар эркектер арасында курулуш, өндүрүш тармагында иштегендер жана пол жуугучтар көбүрөөк ичет деген тыянак чыгарышкан. Ал эми дин кызматкерлери, практикадан өтүп жаткан дарыгерлер, геолог жана метеорологдор аз ичери айтылган. Аялдар арасында жогорку жана ортоңку звенодогу жетекчилик кызматтагылар ичимдик көп ичери маалым болду. Ал эми мектептеги мугалимдер, дарыгерлер жана окумуштуулар ичимдик менен көп достошпойт", — деп жазылат маалыматта.
Авторлор алардын изилдөөсү ичкилик менен кесиптин ортосундагы байланышты гана ачып бергенин белгилешкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0