Сөөк терип жан баккан Стамакунова: туугандарымдын жардам берүүгө чамасы деле жок

© Фото / Айжан БакытбековаАт-Башынын сөөк терип жан баккан тургуну Назгүл Стамакунова
Ат-Башынын сөөк терип жан баккан тургуну Назгүл Стамакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Коомдун аярлуу катмарына кирген жарандар азыр миңдеп саналууда. Жакында эле Ат-Башынын сөөк терип жан баккан тургуну Назгүл Стамакунова тууралуу видео интернет айдыңында бир топ талкуу жаратты. Муну менен катар эл арасында жардам берүүнү каалагандар да болду.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы 61 жаштагы Назгүл Стамакунова менен чакан маек даярдап, каарманыбыздын муктаждыгын, акыбалын билип көрдү.
— Саламатсызбы, сиздин азыркы абалыңыз коомчулукта талкуу жаратты. Өзүңүз тууралуу айтып бериңизчи?
— Мен Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында каза болгон кызымдын баласы, сегиз жаштагы неберем менен жашайм. Кызым өзү Бишкекте иштеп жүрчү. Былтыр жүрөгү кармап, Нарындагы ооруканага жаткан. Бирок дем ала албай жатып, илдеттен былтыр 2-февралда каза болуп калды. Кызым ооруй электе эле уулун үч айында багып алгам. Неберем азыр 1-класста окуп жатат. Үйдө экөөбүз эле турабыз.
© Фото / Айжан БакытбековаЖакында эле Ат-Башынын сөөк терип жан баккан тургуну Назгүл Стамакунова тууралуу видео интернет айдыңында бир топ талкуу жаратты
Жительница села Ат-Баши Назгуль Стамакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жакында эле Ат-Башынын сөөк терип жан баккан тургуну Назгүл Стамакунова тууралуу видео интернет айдыңында бир топ талкуу жаратты
— Канча балаңыз бар?
— Эки эркек, эки кызым бар болчу. Жогоруда айткандай, бирөө каза болуп калды, экинчи кызым бар. Эки эркек балам түрмөгө камалып кеткен. Алар деле өздөрүнчө бала-чакалуу болушкан. Экинчи уулум Бишкектеги абакта болчу, азыр Нарындагы жатак абакка которулган. Келинчеги үч баласы менен батирде турат. Кызым Бишкекте турат. Ал деле өзү менен өзү.
— Жашап жаткан үйүңүз өзүңүздүкүбү?
— Бул үйдө төрөлүп, кичинемден ушул үйдө өскөм. Кийин турмушка чыкканым менен жолдошум да каза болуп калган. Негизи бул "П" түрүндө салынган үй болчу. Урап отуруп бир бөлмөсү эле калды. Азыр ошондо туруп жатабыз. Акыбалы деле жакшы эмес, эски там.
© Фото / Айжан БакытбековаБул үйдө төрөлүп, кичинемден ушул үйдө өскөм. Кийин турмушка чыкканым менен жолдошум да каза болуп калган.
Жительница села Ат-Баши Назгуль Стамакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бул үйдө төрөлүп, кичинемден ушул үйдө өскөм. Кийин турмушка чыкканым менен жолдошум да каза болуп калган.
— Азыр кандай жардамга муктажсыз?
— Ой, интернетке чыккандан кийин биздин акимчиликтен кишилер чуркап келишип, сүрөткө тартып, видеого түшүрүп кетти. Былтыр электр жарыгынын төлөмү беш миң сомго чыгып кетип, акимге киргем. Анан ал бухгалтерине айтып эки миң сом бердирткен. 2017-жылы айыл өкмөт жардам катары беш миң сом берген болчу. Ошону видеодо айтып бердим. Азыр бир аз азык-түлүк алып келип беришти. Буга чейин эмнеге караган жок? Светимдин акчасы кемибей эле барган сайын көбөйүп, ай сайын беш бөлмөлүү үйгө төккөндөй төлөйм.
— Үйгө от жагасызбы?
— Азыр үйдү электр менен жылытып жатам, от жакканга шарт туура келбейт. Анын үстүнө кичинекей бир бөлмөгө жылыткычтын күчү жетет.
© Фото / Айжан БакытбековаСтамакунова: эки эркек, эки кызым бар болчу. Бир кызым каза болуп калды. Эки эркек балам түрмөгө камалып кеткен.
Жительница села Ат-Баши Назгуль Стамакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Стамакунова: эки эркек, эки кызым бар болчу. Бир кызым каза болуп калды. Эки эркек балам түрмөгө камалып кеткен.
— Мамлекеттен пенсия, небереңизге жөлөк пул аласызбы?
— Пенсияга 1900 сом алам. Небереме жөлөк пул чыккан эмес. Буга чейин Нарында телевидениеде иштеген бир кыз келип, акыбалымды видеого тартып кеткен. Ага болгонун айтып берсем, ал кыз жергиликтүү өкмөткө барып: "эмнеге бул эже небересине жөлөк пул ала албайт?" – деп сурап кайрылган окшойт. Эртеси эле тийиштүү мекемелерден чалып: "документтериңизди алып келе калыңыз, балага камкордук чектейли", – деп калышыптыр. Буга чейин 99 жолу баргам, кошуналар деле "небересин жакшы карайт, үч айынан бери багып жатат", — деп түшүнүк кат жазышкан. Бирок ушуга чейин документти карабай келишкен, эми балага жөлөк пул чектеп берели деп жатышат окшойт. Ал да сот аркылуу ишке ашат экен.
— Сөөк чогултуп да сатат экенсиз?
— Ооба, малдын талаадагы сөөктөрүн чогултам, аны беш сомдон алат. Бир өткөргөндө бир-эки мүшөк өткөрөм. Аны да ар кандай убакта чогултам. Кээде бир айда, кээде эртерээк болуп калат. Азыр кар эрибей сөөк да чогулта албай турам. Мындан тышкары, темир да терип өткөрөм. Жазында элдин палас-килемин жууп берип, үй оокаттарын жасап берип да акча табам. Иши кылып ушундай турмуш өтүүдө.
© Фото / Айжан БакытбековаСтамакунова: малдын талаадагы сөөктөрүн чогултам, аны беш сомдон алат. Бир өткөргөндө бир-эки мүшөк өткөрөм. Аны да ар кандай убакта чогултам.
Жительница села Ат-Баши Назгуль Стамакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Стамакунова: малдын талаадагы сөөктөрүн чогултам, аны беш сомдон алат. Бир өткөргөндө бир-эки мүшөк өткөрөм. Аны да ар кандай убакта чогултам.
— Жардам берген туугандар барбы?
— Бир эжем Ташкентте, ал кичине жардам берип турчу. Ат-Башыда дагы бир эжем бар, анын деле чама-чаркы чектелүү. Интернетке чыккандан бери жардам берүүнү каалаган адамдар чалып жатышат. Колунан келген адамдар жардам беришсе жакшы болмок эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0