Бишкек — Ош жолундагы кар тазаланып, унаалар өтө баштады

© Фото / Пресс-служба МТиД КР Кар көчкүдөн кийин Бишкек-Ош унаа жолу. Архив
Кар көчкүдөн кийин Бишкек-Ош унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Шаркыратма тилкесине жалпы көлөмү болжол менен 11 200 метр куб кар түшкөн. Анын ичинен унаа жолго 4 500 метр куб кар көчкү түшүп, жол жабылган.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 223-чакырымында кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кар жаап жаткан учурда көчөдө бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Күн кескин сууктайт. Бир жумага карата аба ырайы
Тазалоо иштерине бир жүктөгүч, бир грейдер, эки өзү төкмө унаа (самосвал) тартылып, саат 21:40та унаа жол толук тазаланган.
Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постторунда киргизилген чектөө алынган. Бирок күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар экени эскертилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0