Кызматын өтөп бүткөн аскерлер запаска бошотулуп, жаңылары чакыртылды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКыргыз Республикасынын аскерлери
Кыргыз Республикасынын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
Президенттин жарлыгына ылайык, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөйм дегендер март-май айларынан баштап кабыл алынат.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кызматын өтөп бүткөн жоокерлерди запаска бошотуу жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөйм дегендер март-май айларынан баштап кабыл алынат.
Премьер-министр Улукбек Марипов № 73809 аскер бөлүгүнө барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Өкмөт башчы Улукбек Марипов Кой-Таштагы аскер бөлүккө барды. Сүрөт
Документке ылайык, 18 жашка толгон жана чакырууну кийинкиге калтыра албаган эркек балдар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөргө жана аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарга кызматка чакырылат.
Ал эми аскердик жана альтернативдик кызматын өтөп бүткөн аскер кызматчылары Куралдуу күчтөрдүн катарынан запаска бошотулат.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0