БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мырзаларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, армияга барууга чакырды.
Жапаров куттуктоосун Instagram баракчасына жазып, өзүнүн аскердеги сүрөтүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Мен жалпы жаштарды, мектеп бүтүрүүчүлөрүн кыргыз армиясынын катарында кызмат кылууга үндөөр элем. Анткени аскердик милдет турмуш жолундагы кыйынчылыктарга туруштук берип, майтарылбас эркти бүлөйт. Эр жигитке ыйык болуп саналган Ата Мекенди, эл-жерди көздүн карегиндей сактоого күчтүү ишенимди, атуулдук парзды калыптандырат. Турмушка бышкан, патриот, эл-жеринин тынчтыкта бакубат жашоосуна жетишүүгө конкреттүү максат койгон эр-азаматтар тарбияланып чыгат", — деген президент.
Ошондой эле ата-энелер мекенди коргойм деген уулдары менен сыймыктанарын айткан.
Жакында эле Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Садыр Жапаровдун армиядагы дагы бир сүрөтүн чыгарган. Анда ал 20 жашта болчу.