Садыр Жапаров Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидента Садыр Жапаров. Архив
Президента Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
Жапаров бүгүн жоокерлердин бардык муундарынын ажырагыс байланышын жана аскер салттарын уланткан нагыз элдик майрам экенин белгилеген.
БИШКЕК, 23-фев. – Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:
"Урматтуу жоокерлер жана сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер!
Жолдош генералдар!
Согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери!
Сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бул майрам — жоокерлердин бардык муундарынын ажырагыс байланышын жана аскер салттарын уланткан нагыз элдик майрам.
Элибиз мекенди коргоочулардын эрдиктерин эсинде аздектеп сактап келет.
Биз баарыбыз жеңиш кандай кыйынчылык менен келерин жакшы билебиз. Биздин жоокерлер Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу жылдарына туруштук беришти. Афган согушунда интернационалдык милдеттерин бийик ар-намыс менен аткарышты. Баткендеги куралдуу кагылышта эрдиктин чыныгы үлгүсүн көрсөтүштү.
Мекенди коргоочулардын күнүн жалпы мамлекеттик масштабда белгилөө жаштарды патриоттук сезимге тарбиялоонун өрнөгү катары кызмат кылат, армиянын аброюн жана аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатууга өбөлгө болот, согуштун жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлеринин каармандыгына сый-урмат көрсөтүү болуп саналат.
Аскер кызматчыларынын азыркы мууну кыргыз армиясынын жоокерлеринин мыкты салттарын татыктуу улантып келе жатышат. Жоокердик милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, күнүмдүк турмушта туруктуулуктун жана чыдамкайлыктын үлгүсүн көрсөтүүдө. Алар Кыргызстандын аскердик коопсуздугун камсыздоо милдеттерин берилгендик жана кесипкөйлүк менен аткарууда.
Урматтуу ардагерлер! Сиздерге бекем ден соолук жана бакубат жашоо, жаш муунду мекенге кызмат кылууга тарбиялоодогу асыл ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өздүк курамына мындан ары дагы күжүрмөн даярдыкты, кесипкөйлүктүн жана аскердик өнөрдүн өркүндөй беришин каалайм.
Бардык кыргызстандыктарды дагы бир жолу Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктайм".
Жаңылыктар түрмөгү
0