Бир суткада коронавирус 72 кишиден табылып, эки адам көз жумду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер жана COVID-19 менен ооруган бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө
Медициналык кызматкерлер жана COVID-19 менен ооруган бейтап оорукананын жандандыруу бөлүмүндө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
Азыркы тапта ооруканаларда 383 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Кечээтен бери медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 72 кишиден табылып, 76 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 17;
  • Чүй облусу – 47;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 3;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 2.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 86 001ге жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 33;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 26;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 1.
Кыргызстан ичинде ооруну 82 879 бейтап жеңгени маалым болду.
Медициналык беткап кийген адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
COVID-19дан айыккандардын иммунитети боюнча окумуштуулардын жаңы ачылышы
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус эки бейтаптын өмүрүн алган. Пандемия башталгандан бери коронавирустан өлкөдө жалпы 1 460 бейтап акка моюн сунду.
Азыркы тапта ооруканаларда 383 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Алардын ичинен 90у оор абалда болсо, 20 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. 
Кечээтен бери медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0