40тан ашкан аялдар кантип арыктаса болот? Диетологдун кеңеши

© AFP / HEAPSYLON Спорт менен машыгып жаткан аял. Архив
Спорт менен машыгып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
Диетолог жети сааттан көп уктабай, таза абага көп чыгып, сууну көп ичүү зарыл экенин белгилеген. Анткени суу шлак менен токсиндерди чыгарат.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ашыкча салмактан тезирээк арылуу үчүн аялдар катаал диетага отуруп алат. Мындай кадам туура эмес, анткени бул учурда организм катуу стресске кабылып, ден соолук жабыркай турганын диетолог Елена Календин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
Диетолог белгилегендей, 30 жаштан кийин адамдардын организминде зат алмашуу жайлайт. Аял кантип толуп кеткенин билбей калат жана оңой менен арыктай албайт. Ал үчүн биринчи кезекте адамдар тамактануу рационун карап чыгышы керек.
"40ка чамалап калганда гормоналдык фон өзгөрүп, организмге мурдагыдай энергия талап кылынбай калат. Аял калорий топтойт, бирок аны мурдагыдай кетире албай калат дагы салмак кошо берет. Мындан улам рационго жашылча-жемиш, акшактын түрү жана башка углеводдорду кошуу керек", — деп жазган Кален.
Кыз арыктоодон кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2021
Адис зыяндуу деген диеталар тууралуу кулак кагыш кылды
Адис майлуу кычкылдарга бай омега-3 кошулган азыктарды көп колдонууну да сунуштаган. Майлуу балык, брокколи, түстүү капуста, жаңгактын түрү, авокадо метаболизмди калыбына келтирип, ичеги-карындын иштөөсүн жакшыртат. Ошондой эле холестеринди бөлүп чыгарууга да жардам берет.
"Ачка болбогула! Аял тамактан баш тартканда организмин стресске алып келет. Ачка болгондо калорий эрибей эле кайра топтолот. Катаал диета жана ачкачылык ашказандын ишин начарлатат", — деген адис.
Диетолог жети сааттан көп уктабай, таза абага көп чыгып, сууну көп ичүү зарыл экенин белгилеген. Анткени суу шлак менен токсиндерди чыгарат.
Жаңылыктар түрмөгү
0