Тажик тарап Кыргызстандан барган 22 кишини кармап кеткенби? Расмий жооп

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБаткен облусунда чек ара заставасында мунара. Архив
Баткен облусунда чек ара заставасында мунара. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Жазылуу
Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн билдиришинче, мал базарга барган беш киши жолдон адашып, мыйзамдуу чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн Тажикстандын чекисттери кармаган.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Тажикстандын укук коргоо органдары Кыргызстандын 22 жаранын кармап кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кармалгандардын так санын жана себебин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Эске сала кетсек, кыргызстандыктарды тажик тарап барымтага алып алды деген маалыматтар кечээ социалдык тармактарда тарап, айрым ЖМКлар да жазып чыгышкан. Буга байланыштуу бүгүн митинг болору да айтылган.
Баткен шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Чет элдиктерге мүлк сатпайт, калктын саны өсөт. Баткенге берилчү статустун жобосу
Өкүлчүлүктүн билдиришинче, 16-февралда Баткен районунун үч тургуну менен Кадамжай районунун эки жашоочусу Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу Тажикстандын мал базарына барып, Согди облусунун Кистакуз аймагынан кармалган. Алар жол таппай адашып, мыйзамдуу чек ара бекетинен өтүшкөн эмес.
Бүгүн, 22-февралда, кармалгандардын жакындары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиевге кайрылышкан.
"Ыйгарым укуктуу өкүл учурда укук коргоо органдары тарабынан кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты. Бүгүн облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган кишилердин ата-энелеринин Тажикстанга барып, алардан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлмөкчү. Өкүл чек аралаш аймактагы маселелерди мыйзам чегинде сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттер көрүлөрүн айтты", — деп жазылган билдирмеде.
Баткен шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Ташиев Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо эмне артыкчылык аларын айтты
Суваналиев ошол эле учурда ар кандай себептер менен Тажикстандын аймагында кармалып күнөөсү аныкталган жарандар ал өлкөнүн мыйзамынын чегинде жоопко тартыларын кошумчалаган.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү белгилегендей, Баткенден Тажикстандын аймагына өтүү үчүн үч негизги мыйзамдуу чек ара өткөрмө бекети бар. Алар Лейлек районундагы Кулунду жана Кайрагач, Баткен районундагы Кызыл-Бел посттору. Башка аймактан өтүү мыйзам бузуу болуп эсептелет.
Ошону менен бирге чек аралаш аймактардагы жашоочулардын атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүсү каралган. Ал Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай жана Тажикстандын Исфара — Ворух жолдору болуп эсептелет.
Жаңылыктар түрмөгү
0