COVID: көз жумгандар катталган жок. 44 киши ооруп, 47си айыгып чыкты

© AP Photo / Natacha PisarenkoМедицина кызматкери жумушчуларды COVID-19 дартына текшерип жатат
Медицина кызматкери жумушчуларды COVID-19 дартына текшерип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Жазылуу
Кыргызстанда былтыр мартта коронавирус чыккандан бери 86 миңдей киши оору жуктурду, анын көбү айыкты, тилекке каршы, 1458 адам каза тапты.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 47 киши коронавирус инфекциясын жеңди, ал эми ооруну 44 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек — 23;
  • Чүй облусу — 16;
  • Талас облусу —;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 6;
  • Баткен облусу — 1.
Жалпысынан коронавирустан 82 803 адам сакайды.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек — 25;
  • Ош — 3;
  • Чүй облусу — 9;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 2.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 85 929 болду.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Оорудан көз жумгандардын саны жалпысынан 1458 болду.
Учурда стационарда 409 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 10 адамдын абалы канааттандырарлык, 275и орточо, 101и оор, 23ү өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда 322 бейтап бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0