Кишини ак кан кылчу Кара-Тоодогу көмүр кенин казбаш керек. Геологдун маеги

© Sputnik / Жоомарт УраимовАрдагер-геолог Кадырбек Какитаев
Ардагер-геолог Кадырбек Какитаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Жазылуу
Ардагер геолог Кадырбек Какитаев 1963-жылдан баштап пенсияга чыкканга чейин кен казуу тармагында эмгектенген. Кесиптик ишмердүүлүгү негизинен өлкөдөгү көмүр казууга байланышып, бир катар кендерди ачканга жетишкен.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы эмгек сиңирген адис менен маек курду. Ал Кыргызстандын аймагында кооптуу дагы, эң кымбат да кендер боюнча маалымат берип, кээ бирлеринин таптакыр туура эмес казылып жаткандыгы туурасында кеп салды.
— Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстанда оңгулуктуу геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлбөй келгенин көпчүлүк билет. Союз учурунда биздин геологдор кандай иштечү эле?
— Советтер Союзунда кыргызстандык геологдор 15 союздук республикадагы адистердин мыктылары болчу. Ошол кезде канчалаган кендер ачылды, ал эми акыркы 30 жылда Баткен облусунда бир эле алтын кенин табууга мүмкүн болду. Кийин жергиликтүү эл аны иштетүүгө каршы чыгып болбой койгон. 1991-жылдан соң мамлекет геологдорго акча бөлбөй калган. Анткени союз маалында бизге акча Москвадан бөлүнүп, толук каржыланып турчубуз. Ошондуктан Кыргызстан оңгулуктуу тыйын бергенге көнгөн эмес. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында 40 миллион сом бөлүнүп, ортодо акчаларды да кармап калып, экспедицияга каражат жетпей келген. Ошентип Кыргызстандагы түндүк жана түштүк геологиялык экспедиция талкаланып кетти. Ар биринде чалгындоонун түрү боюнча 10-15 партиялары бар эле. Алар кендердин же өндүрүш ишканаларынын запасын аныктап, улам тактап турушчу. Толгон-токой бургулоочу техника, көчмө жатакана, ашканалары бар эле, кийин көпчүлүгү тонолуп кетти.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАрдагер-геолог Кадырбек Какитаев 1963-жылдан баштап пенсияга чыкканга чейин кен казуу тармагында эмгектенген
Геолог-ветеран Кадырбек Какитаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ардагер-геолог Кадырбек Какитаев 1963-жылдан баштап пенсияга чыкканга чейин кен казуу тармагында эмгектенген
— Ошондой себептерден улам кен казуу тармагында чоң жылыштар байкалбай, ири инвестициялар тартылбай жаткан экен да?
— Ооба. Учурда бизде чала изилденген толтура кендер бар. Ошолорду чалгындап, кандай баалуу металлдар канча көлөмдө жатканын тактап алсак кендердин наркы билинип, инвесторлор кызыгып, өздөштүрүү аракеттери башталат эле. Анан дүйнөдө геология жыл сайын өнүгүүдө, эсептөөнүн жаңы жолдору, баалоо ыкмалары пайда болууда. А Кыргызстанда документтер союз маалында изилденген боюнча эле жатат.
Айдаркен комбинаттын суюк сымабы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2020
Улуу Ата Мекендик согушка таасир берген Айдаркендин сымабы. Кызыктуу баян
— Кезинде Кыргызстанда көмүр көп чыккандыктан "Борбор Азиянын кочегары" деп аталчу эле. Эмнеге андай болбой калдык?
— Кыргызстанда көмүр казуунун тагдыры түрдүү болду. Алгач Борбор Азиянын кочегары болуп, кийин гидроэнергетикага ыктап кетип далай мештер жабылды. Кыргыз ССРинин аймагында кирешелүү болбосо дагы бир топ көмүр кен иштетилип келген. Кандайдыр бир деңгээлде жумуш орундары менен камсыз болуп, калктын социалдык маселелери чечилип турган. Карапайым элге көмүр кыйынчылыксыз жетип, 70-80-жылдары бир тонна көмүрдүн баасы 13-14 сом болчу. 90-жылдары шахталар биринин артынан бири жабылып, чоңдору гана калды. Өлкөдө экономикалык абал кыйындап кыргызстандыктар тоодогу карагай, калк жашаган аймактарга жакын жердеги бак-дарактарды кыйып экологияга олуттуу зыян келтире баштаган. Себеби алар кышында суукта отура бербей эптеп жылынуунун айласын издешкен. Нарында 1995-жылы эл өздөрү Турук көмүр кенин казып, эки-үч райондун тургундары карагай, талдарга кол салбай калган. Ошондо майда кендерди иштетүүгө уруксат берүү башталып, алар четинен кыймылга келе баштаган.
© Sputnik / Жоомарт УраимовКадырбек Какитаев: Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кара-Тоо деп аталган жер бар. Ал жерде радиактивдүү көмүр бар. Эгер аны колдонсок, жергиликтүү тургундар ак кан болуп ооруп калышы толук мүмкүн
Геолог-ветеран Кадырбек Какитаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кадырбек Какитаев: Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кара-Тоо деп аталган жер бар. Ал жерде радиактивдүү көмүр бар. Эгер аны колдонсок, жергиликтүү тургундар ак кан болуп ооруп калышы толук мүмкүн
— Өмүрүңүздү геологияга арнап, көп жыл көмүр кендери боюнча иш алып барган экенсиз. Кыргызстандагы көмүр кендерине кандай мүнөздөмө бересиз?
— Кыргызстанда 70ке жакын чоң жана кичине көмүр кендери бар. Жалпы алар жайгашкан жерине, түрүнө жараша бассейн жана район болуп бөлүнөт. Мисалы, Ысык-Көл облусундагы үч-төрт кенчелер болчу, көпчүлүгү кийин иштебей калды. Ал жактагы чоң кендерден Жыргалаң эле калган, союз учурунда жыл сайын андан 100 миң тонна көмүр казылып алынчу. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары аны азыркы президент Садыр Жапаровдун агасы алып иштетип, кытайлык инвесторлорду тартууга аракет кылып жүрдү. Азыр ал кандай абалда экенин билбейм. Анан Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кара-Тоо деген жер бар. Ал жерде радиактивдүү көмүр бар. Аны такыр казбаш керек. Эгер аны колдонсок, жергиликтүү тургундар ак кан болуп ооруп калышы толук мүмкүн.
© Sputnik / Жоомарт УраимовКадырбек Какитаев: Кыргызстанда 70ке жакын чоң жана кичине көмүр кендери бар
Геолог-ветеран Кадырбек Какитаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кадырбек Какитаев: Кыргызстанда 70ке жакын чоң жана кичине көмүр кендери бар
— Ал эми ири кендер боюнча эмне дейсиз, Кыргызстан өзүн көмүр менен толук камсыздап жана аны экспорттой алабы?
— Кыргызстанда төрт ири көмүр кени бар. Акыркы жылдары ал жерлерде көмүр уурдалып, мыйзамсыз иштер жасалууда. Биринчиден, Кара-Кече көмүр кенин туура эмес иштетип, аны талкалап жатышат. Чалгындоонун маалыматтары боюнча, ал кенде 192 миллион тонна көмүрдүн кору бар. Аларды иштетүүнүн өзүнүн ыкмасы болот. Ага ылайык, кен жайгашкан тоонун чокусунан казуу иштери башталышы керек. Үстүндөгү таш, топурактарды ирети менен алып узак убакыт иштесе болот. Ал эми азыр көмүр чыккан жерди чукуй берип, тоолор аскага айланып кетти. Дагы он жылдай минтип иштесек көмүр ала албай отуруп калабыз. Мына, жакында эле жер көчтү. Жөн жерден эле тонналаган таш-топурак агып калган жок да. Аны изилдөө үчүн окумуштууларга кайрылган жан жок. Эгер ар кайсы жерден казылып, башаламан иш болсо Кара-Кече эч нерсеге жарабай калат. Андан сырткары, кендеги көмүр жаткан эки катмардын ортосунда чопо да жатат. Аны ар кайсы жерге төгүп салууда, ошону дагы бир нерсеге жаратып иштетүүгө аракет жасалбай келет. Бизде чопо өтө аз, казуу иштеринде аны чогултуп таш, топурактарга аралаштырып салбай өзүнчө өндүрүш ачса болот. Эң негизгиси, көңүл бурулбагандыктан ал жакта ошондой абал болуп жатат.
Экинчиден, Баткен менен Ош облусунун ортосунда чырлуу Бел-Алма кени жатат, андагы көмүрдүн болжолдуу кору бир миллиард тонна. Аны сынакка коюп, белгисиз фирма 1200 гектар жерди чалгындоо жасоого лицензия утуп алган. Ага чейин эле жол салып, кенди мыйзамсыз казып көмүрдү сатып келишкен, ошол мыйзамсыз иштер азыр да уланып жатат.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Кара-Кече көмүр кенин туура эмес иштетип, аны талкалап жатышат. Чалгындоонун маалыматтары боюнча, ал кенде 192 миллион тонна көмүрдүн кору бар", - деди Кадырбек Какитаев
Геолог-ветеран Кадырбек Какитаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Кара-Кече көмүр кенин туура эмес иштетип, аны талкалап жатышат. Чалгындоонун маалыматтары боюнча, ал кенде 192 миллион тонна көмүрдүн кору бар", - деди Кадырбек Какитаев
Үчүнчүсү, Өзгөн таш көмүр бассейни. Андай кен Борбор Азияда жокко эсе. Ал жакта кокстоочу көмүр чыгат, кору жарым миллиард тоннага чейин жетет. Андан газ чыгат, суусун дагы колдонсок болот, курамында химиялык заттар арбын. 1000 градуска чейинки ысыкты бере алат, көптөгөн мамлекеттерде темир эритүүдө кеңири колдонулат. Өкмөттөгүлөр эки-үч жыл мурда ал жакка Жылуулук электр борборун курууну пландап жатканын айтып, мени жыйынга чакырып калышты. Барсам, ошол долбоордун айланасында сөз болуп калды. Мен аларга "башыңар иштеп жатабы" деп катуу эле айттым. Дүйнөлүк базарда кокстоочу көмүрдүн бир тоннасы эң арзан делгенде 120 доллар турат. Ошол жылдары Кытай кокстоочу таш көмүрдү Австралиядан тоннасын 200 доллардан алчу. Кудай жалгап аларды ынандырып, ишти токтотуп калганбыз. Беш-алты жыл мурда австралиялыктар келип чалгындоо жүргүзүп, корун тактап инвестиция салууга даяр болгон. Бирок бийликтегилер жоопкерчилик алгысы келбей уруксат бербей коюп, инвесторлор кетип калган.
Кыргызстандын ири тоо-кендериндеги алтындын корун бекиткен геология-минералогия илимдеринин доктору Кубат Осмонбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2019
Кумтөрдө алтын бар экени аң уулап жүргөндө билинген. Геолог Осмонбетовдун маеги
Төртүнчүсү, Сүлүктүдө "11-аянт" деген кенде 100 миллион тоннага жакын күрөң көмүр бар. Ал жактагы көмүрдү коңшу мамлекеттерге сатсак болот жана жайгашкан жери да ыңгайлуу. Кичине жол салып Кызыл-Кыяга, андан ары темир жол менен Өзбекстандын Фергана облусуна, Тажикстандын эки районуна жеткирсек болот. Анан Эркеч-Там аркылуу Кытайга да жеткирүүгө мүмкүн. Анткени коңшу Өзбекстандагы Ангрен ири көмүр кени түгөнүп бара жатат, андыктан Фергана облусу кара алтынга муктаж боло баштады. Ошол кенди пайдаланышыбыз керек, ага суроо-талап дагы бар.
Жогоруда аталган кендердин айланасындагы маселелер боюнча буга чейин өлкө башчысына чейин кайрылгам. Бирок көңүл бурган, жыйынтык чыгарган жетекчилерди кезиктирбедим. Себеби азыр кен казуу саясатын геологдор эмес, соодагер, мурдагы милиционерлер жүргүзүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0