Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКар жааган учурда Байтик Баатыр көчөсүндө кишилер. Архив
Кар жааган учурда Байтик Баатыр көчөсүндө кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Жазылуу
22-февралга караган түнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар жаайт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.
БИШКЕК, 21-Фев. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү күндүз Чүй облусунун арбын бөлүгүндө, Таластын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жамгыр кар жаайт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +1...+6, Талас өрөөнүндө +3...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көлдө 0...+5 градус болсо, термометр Нарын аймагында -4...+1 градусту көрсөтөрү айтылды.
Борбор калаада мезгил-мезгили менен карга айланган жамгыр жаап, абанын температурасы +3...+5, ал эми Ош шаарында +5...+10 градустун тегерегинде болмокчу. Ош шаарында да жамгыр жаай турганы кабарланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0