17:16 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8113
  • EUR101.7905
  • RUB1.1373
Коом
Кыскача шилтеме алуу
862 0 0

Өкмөт башчы ишкерлер менен жолугуп, экономиканы активдештирүү жаатында биргелешкен чараларды талкуулап, сунуштарын укту.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов жергиликтүү бизнестин өкүлдөрү менен жолугуп, ишкерлерге түзүлгөн шарттарды талкуулап пикир алышкан.  

Өкмөттүн маалымат  кызматы жолугушуунун негизги максаты экономиканы активдештирүү жаатында демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болгонун кабарлады. 

  • Премьер-министр Улукбек Марипов жергиликтүү бизнестин өкүлдөрү менен жолугуп, ишкерлерге түзүлгөн шарттарды талкуулап пикир алышкан
    Премьер-министр Улукбек Марипов жергиликтүү бизнестин өкүлдөрү менен жолугуп, ишкерлерге түзүлгөн шарттарды талкуулап пикир алышкан
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Өкмөттүн маалымат  кызматы жолугушуунун негизги максаты экономиканы активдештирүү жаатында демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болгонун кабарлады
    Өкмөттүн маалымат  кызматы жолугушуунун негизги максаты экономиканы активдештирүү жаатында демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болгонун кабарлады
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Иш-чара эркин микрофон тартибинде өтүп, ар бир катышуучу өз идеяларын жана көйгөйлөрүн ошол жерден айткан
    Иш-чара эркин микрофон тартибинде өтүп, ар бир катышуучу өз идеяларын жана көйгөйлөрүн ошол жерден айткан
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Мындай форматтагы жолугушуулар өкмөт жана бизнес-коомчулук ортосундагы пикир алышууга кошумча дем берет жана үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүүсү зарыл. Сиздер менен конструктивдүү пикир алышуу үчүн ыраазычылык билдирип, суткасына 24 саат бою байланышта болууга даярмын. Биз ишкерлик тармагындагы ачык-айкын эрежелерди камсыздоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз, — деген Марипов
    "Мындай форматтагы жолугушуулар өкмөт жана бизнес-коомчулук ортосундагы пикир алышууга кошумча дем берет жана үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүүсү зарыл. Сиздер менен конструктивдүү пикир алышуу үчүн ыраазычылык билдирип, суткасына 24 саат бою байланышта болууга даярмын. Биз ишкерлик тармагындагы ачык-айкын эрежелерди камсыздоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз", — деген Марипов
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Ошондой эле премьер-министр учурда өкмөттүн 100 күндүк планы иштелип жаткандыгын жана ал бүгүнкү жолугушууда айтылган идеялар менен толукталарын кошумчалады
    Ошондой эле премьер-министр учурда өкмөттүн 100 күндүк планы иштелип жаткандыгын жана ал бүгүнкү жолугушууда айтылган идеялар менен толукталарын кошумчалады
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Өз кезегинде бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү көйгөйлөрүн айтып, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштарын киргизишкен
    Өз кезегинде бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү көйгөйлөрүн айтып, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштарын киргизишкен
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 6
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Улукбек Марипов жергиликтүү бизнестин өкүлдөрү менен жолугуп, ишкерлерге түзүлгөн шарттарды талкуулап пикир алышкан

Иш-чара эркин микрофон тартибинде өтүп, ар бир катышуучу өз идеяларын жана көйгөйлөрүн ошол жерден айткан. 

"Мындай форматтагы жолугушуулар өкмөт жана бизнес-коомчулук ортосундагы пикир алышууга кошумча дем берет жана үзгүлтүксүз негизде өткөрүлүүсү зарыл. Сиздер менен конструктивдүү пикир алышуу үчүн ыраазычылык билдирип, суткасына 24 саат бою байланышта болууга даярмын. Биз ишкерлик тармагындагы ачык-айкын эрежелерди камсыздоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз", — деген Марипов.

Ошондой эле премьер-министр учурда өкмөттүн 100 күндүк планы иштелип жаткандыгын жана ал бүгүнкү жолугушууда айтылган идеялар менен толукталарын кошумчалады.

Өз кезегинде бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү көйгөйлөрүн айтып, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштарын киргизишкен.

Тема боюнча

Экономика оор абалда... Жапаров менен Марипов өлкөнү өнүктүрүүнү талкуулашты
Жаңы өкмөт элди "жакырчылыктын тузагынан" чыгарууну убадалады. Программа
Пакыров: орто жана чакан бизнес — өлкөдөгү инвестициялык абалдын күзгүсү
Белгилер:
көйгөй, жардам, жолугушуу, Улукбек Марипов, бизнес

ЭҢ МААНИЛҮҮ