Белден келген карды малтап. Ат жүрө албай, тоого жөө чыккан энергетиктер. Видео

© AFP / SASA DJORDJEVICКиши кар үстүндө ат минип жүрөт. Архив
Киши кар үстүндө ат минип жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Жазылуу
Видеодон электриктердин белден келген карды жиреп, кабелдерди жонуна көтөрүп, тоого жөө-жалаңдап чыгып бара жаткандыгын көрүүгө болот.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. "Жалал-Абад электр" ишканасы тоонун башында ат баса албай калган жерде белден келген калың карды малтап аба чубалгыларын текшерип жүргөн электриктердин видеосун жарыялады.
Маалыматка караганда, 20-февралда жааган кардан улам Токтогул районунун Сары-Камыш айылында жарык өчкөн. Учурда "Толук" көмөк чордонуна кеткен жол жабык болгондуктан энергетиктер ат менен текшерип жүрүшөт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik_kyrgyzstan)

Узундугу 73 чакырымды түзгөн аба чубалгылары Сары-Камыш жана Нарын облусунун Жумгал районунун үч айылына электр энергиясын жеткирет.
"Эки электромонтёр ат менен Толук айылынан Сары-Камышты көздөй, ал эми эки бригада Сары-Камыштан Толукту карай текшерип келе жатышат. "Жалал-Абад электр" ААКтын Токтогул районундагы жогорку чыңалуудагы жабдууларды тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери автоунаа жүрө турган жол жабылгандыктан Төө-Ашуу тараптан Жумгал району аркылуу жолго чыгышкан", — деп айтылат маалыматта.
73 чакырымдык аба чубалгы тоону аралай тартылган. Бул айылдарда ноябрь айында автоунаа жүрө турган жолдор жабылып калат. Аталган айылдарда 270 абонент бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0