БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кетпеген тынымсыз жөтөл коронавирус инфекциясынын негизги симптомдорунун бири, андан сырткары, өпкө рагынын белгиси болушу мүмкүн. Бул тууралуу Express маалымат булагы жазды.
Улуу Британиянын Саламаттык сактоо кызматынын адистери онкологиялык оорунун: энтигүү, кан түкүрүү, табиттин жоголушу жана салмактын азайышы сыяктуу көп тараган белгилерине да көңүл бурууну сунушташат.Эксперттердин белгилешинче, рактын башталыш этабында аныкталгандар жашап кетүүгө алда канча көп мүмкүнчүлүгү болот.
Медиктер оорунун алдын алуу үчүн чылым чегүүдөн арылууга, туура тамактанып, спорт менен машыгууга кеңеш беришет.