17:45 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8113
  • EUR101.7905
  • RUB1.1373
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2555)
106 0 0

Министр кечээ, 20-февраль күнү, Москва шаарында Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолуккан.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Россияда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарды эмдөөдөн өткөрүүнү сурап россиялык кесиптештерине кайрылды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министр кечээ, 20-февралда, Москва шаарында Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолуккан.

"Кыргыз тарап россиялык вакцинаны алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылды. Ошондой эле Россияда иштеп жүргөн Кыргызстан жарандарын COVID-19га каршы эмдөөдөн жапырт өткөрүүнү суранды", — деп айтылат маалыматта.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев 18-февралдан бери Россияда иш сапар  менен жүрөт.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2555)

Тема боюнча

Казакбаев: вакцина чыгарууну үйрөнүү үчүн Россияга адистерди жиберүү каралууда
Кыргызстандык медиктердин Россиядан тажрыйба арттырып келүү маселеси каралды
Бишкектин 7 конушунда мобилдик клиникалар элди эмдеп жатат. Иш графиги
Белгилер:
вакцина, эмдөө, Мигрант, Алымкадыр Бейшеналиев, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ