12:50 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6796
  • EUR103.3811
  • RUB1.1525
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2550)
112 0 0

Министрлик ушул жылы Россия тараптын мобилдүү автономдук лаборатория бере турганы боюнча да маселе чечилгенин белгилейт.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Москвада Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Попова менен жолугуп, COVID-19га жана иммундук-ферменттик анализ жүргүзүү үчүн 100 миң ПЦР-тест алуу макулдашылды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

"Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстанга кайтарымсыз негизде жардам катары COVID-19га жана иммундук-ферменттик анализ жүргүзүү үчүн 100 миң ПЦР-тест алуу макулдашылды. Ошону менен бирге ушул жылы мобилдүү автономдук лаборатория берүү маселеси чечилди", — деп айтылган маалыматта.

Андан сырткары, Россиянын адистеринин кыргызстандык медиктерди окутуу жагынан да көмөктөшө турганы белгилүү болду.

"Россия Кыргызстандын медицина кызматкерлерин эпидемиология, диагностика, актуалдуу болуп жаткан жугуштуу оорулар боюнча окутууга көмөк көрсөтөт. Аны менен катар адистерди коронавирустун "британиялык" жана башка штаммдары боюнча да окутат. Тараптар өлкөдөгү COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүү үчүн илимий топторду тартуу менен биргелешкен изилдөө жүргүзүүгө макулдашты", — деп айтылат маалыматта.

Соңунда министри Бейшеналиев COVID-19 менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүп жатканы үчүн Россия өкмөтүнө жана Роспотребнадзордун башчысы Анна Поповага ыраазычылык билдирген.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2550)

Тема боюнча

Кыргызстандык медиктердин Россиядан тажрыйба арттырып келүү маселеси каралды
Кыргызстан Түркиядан бардык жабдуусу бар 5 мобилдик клиника алып келет
Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, жардам, ПЦР-тест, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ