18:24 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2893 0 0

Менмендеген саясатчылар да кезинде колуна курал көтөрүп, мекенди коргоп жоокер болушкан. Алардын кырчындай жигит учурундагы армиядагы сүрөттөрүн көпчүлүк көрө элек болсо керек.

23-февралда белгиленчү Мекенди коргоочулар күнүн утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги саясатчылардын армиядагы кезинин сейрек сүрөттөрүн сунуштайт.

Садыр Жапаров

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзедеги дене тарбия институтуна өткөн. Бирок 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин катардагы жоокерден Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командирине чейин жеткен.

Ал "Советтик Армиянын отличниги" наамын алган.

Өмүрбек Текебаев

Белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында Токтогул атындагы орто мектептин физика мугалими болуп иштеп жүргөн учурунда армияга кеткен. 1981-жылдан 1984-жылга чейин Феодосияда Кара деңиз флотунда кызмат өтөгөн соң кайра мугалимдик кесибин уланткан.

Каныбек Иманалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 1987-жылдан 1989-жылга чейин Забайкалье аскер округунда кызмат кылып, стратегиялык маанидеги 05204 ракеталык күчтөрү (аскерлер) бөлүмүнүн сержант-командири болгону айтылды.

Алмамбет Шыкмаматов

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов 1988-1990-жылдары Ыраакы Чыгышта Приморье шаарында жоокер болгон.

Токон Мамытов

Акыйкатчы Токон Мамытов 1972-1974-жылдары Чехославакияда Калинин атындагы Ропшин дивизиясынын зениттик-ракеталык полкунда кызмат өтөгөн.

Темир Сариев

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев 1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Бактыбек Кудайбергенов

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов 1981-жылдан 1983-жылга чейин Советтик армияда кызмат өтөгөн. Ал Казак ССРинин Семипалатинск облусунда ротанын старшинасы болгон.

Тема боюнча

20 жаштагы Садыр Жапаров. Президенттин армиядагы кези. Фотофакт
11 спецназдан айрылган. Кыргыз милициясынын "Шумкары" тууралуу эмне белгилүү
Белгилер:
армия, аткаминер, саясатчы, жоокер, Мекенди коргоочулар майрамы

ЭҢ МААНИЛҮҮ