Мурда сөгүш алган. Улуттук статистика комитетине жаңы жетекчи келди

© Sputnik / Табылды КадырбековКолунда портфели бар адамдын архивдик сүрөтү
Колунда портфели бар адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Жаңы төрага Самат Насирдинов "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басарлыгын аркалап, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында катуу сөгүш алган.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов кызматтан бошотулуп, ордуна Самат Насирдинов келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыктарга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Электр станциялары ААКтын жаңы дайындалган башкы директору Талайбек Бектенов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Талайбек Бектенов "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору болду
Буга чейин Насирдинов "Унаа" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басарлыгын аркалап, 2019-жылы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында катуу сөгүш алган. Мамлекеттик каттоо кызматынын комиссиясы "Унаа" ишканасынын директору Алымжан Козубаев жана анын орун басарлары Самат Насирдинов менен Усеин Касымалиев коррупциялык иштерге аралашканын айткан.
Sputnik агенттиги "Унаа" ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаев кол алдындагы кызматкерлерге кресло саткан деп айтылган сөздөрдөн кийин бул жаатта материал жазган.
Жаңылыктар түрмөгү
0