Талайбек Бектенов "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Электр станциялары" ААКтын жаңы дайындалган башкы директору Талайбек Бектенов. Архив
Электр станциялары ААКтын жаңы дайындалган башкы директору Талайбек Бектенов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Бектенов үстүбүздөгү жылдын 24-январында эле ишкананын башкы директорунун биринчи орун басары болуп кызматтан жогорулаган болчу.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. "Электр станциялары" ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору болуп Талайбек Бектенов дайындалды. Бул туурасында ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин башкы директор Жолдошбек Ачикеев болгон. Ал 1-февраль күнү өз ыктыяры менен кызматтан кетип, убактылуу анын милдетин Бектенов аткарып жаткан. Ага чейин ал башкы директордун орун басары болуп иштеген.
Талайбек Бектенов 1973-жылы туулган. 1996-жылы Кыргыз технологиялык университетинде өнөр жай ишканаларын электр менен жабдуу адистигин аяктаган.
Эмгек жолун Шамалды-Сай ГЭСинде нөөмөтчү инженерликтен баштаган.
Соңку беш жылда аркалаган кызматтары:
  • 2015-2018 — "Электр станциялары" ААКтын филалында — ГЭС куруу ишканасында башы инженер;
  • 2018-2018 — "Электр станциялары" ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары;
  • 2018-2019 — "Электр станциялары" ААКтын техникалык директору;
  • 2019-2020 — "Электр станциялары" ААКтын башкы директорунун орун басары;
  • 2021-жылдын 24-январынан тарта "Электр станциялары" ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары.
Жаңылыктар түрмөгү
0