Нарында төрт айдан бери изделип жаткан аял аман-эсен табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековАял көчөдөн бара жатат. Архив
Аял көчөдөн бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
40 жаштагы Гүланда Аманалиева өткөн жылдын 30-октябрынан бери изделип жаткан. Кочкор райондук милициясы аны таап туугандары менен жолуктурду.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Нарын облустук милициясы тарабынан төрт айдан бери изделип жаткан Гүланда Аманалиева табылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
40 жаштагы аял өткөн жылдын 30-октябрында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
© Фото / УВД Нарынской областиНарын облустук милициясы тарабынан төрт айдан бери изделип жаткан Гүланда Аманалиева табылды
Пропавшая Гуланда Аманалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нарын облустук милициясы тарабынан төрт айдан бери изделип жаткан Гүланда Аманалиева табылды
"Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Гүланда Аманалиева аман-эсен табылып жакындарына өткөрүп берилди", — деп жазылат маалыматта.
Гүланда Аманалиеванын төрт ай бою кайда жүргөнү тергөө кызыкчылыгына байланыштуу айтылган жок.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0