Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору иштей баштады

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиРабота туристической милиции в Иссык-Кульской области
Работа туристической милиции в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Алар өзүнө бөлүнгөн аймактарда коомдук тартип менен биргеликте жол кыймылынын коопсуздугун дагы көзөмөлдөшөт.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облустук милициясынын жаңы жетекчиси Канат Жумагазиевдин тапшырмасы менен Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору түзүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматына шилтеме берип Sputnik агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.
"2020-жылды анализдөөнүн натыйжасында Каракол шаарындагы коомдук жайларда жасалган кылмыштардын жана жоруктардын саны мурдагы жылга салыштырмалуу 154 учурга көбөйгөн. Эми шаарда беш мобилдик топ иштейт. Бир топко облустук Милициянын кайгуул-посттук кызматынан эки киши, облус боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан бир киши жана Каракол милициясынын аймактык кызматкери кошулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Ысык-Көл милициясынын башчысы Улан Асанбаев кызматтан алынды
Алар өзүнө бөлүнгөн аймактарда коомдук тартип менен биргеликте жол кыймылынын коопсуздугун дагы көзөмөлдөшөт.
"Үй-бөлүлүк зомбулук жана башка кылмыштар тууралуу милицияга кабар түшөрү менен бул тууралуу мобилдик топко маалымат берилип, алар жерине 3-5 мүнөттө жетип барат. Эгер жеринде кылмыш болгону аныкталса, милициянын ыкчам-тергөө тобу келмейинче ал жерди карап турушат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Караколдо 10 маршрут боюнча 32 кызматкер жөө басып, көзөмөл жүргүзүп турары белгилүү болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0