Дем алыш күндөрү Бишкектин 4 районунда жарманке өтөт. Азык-түлүктүн баасы

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүЖашылча жемиштер. Архив
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Салтка айланган жарманке бул ирет калаанын төрт районунда өткөрүлмөй болду. Анда азык-түлүктөр базар баасынан арзан сатылат.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Жуманын дем алыш күндөрү өтүп жаткан жарманке бул ирет Бишкек шаарынын төрт районунда уюштурулат. Бул туурасында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Азык-түлүк жарманкеси өтүүчү даректер:
  • Ленин району, Чапаев — Айни көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Октябрь району, 12-кичи район, Аалы Токомбаев көчөсү;
  • Биринчи май району, Исхак Раззаков жана Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Свердлов району, Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Баалар төмөндөгүдөй болот:
  • Уй эти - 405 сом;
  • Жылкы эти - 380-390 сом;
  • Кой эти - 410 сом;
  • Тоок эти - 190-200 сом;
  • Суу май - 118-120 сом;
  • Жумуртка 10 даана - 85-88 сом;
  • Үй жумурткасы 10 даана - 90-100 сом;
  • Кумшекер - 56-57 сом;
  • Күрүч - 55-60 сом;
  • Алма - 30-50 сом;
  • Сабиз - 12-15 сом;
  • Картошка - 22-25 сом;
  • Пияз - 15-16 сом.
Жарманкеге ондогон ата мекендик өндүрүшчүлөр жана фермерлер азык-түлүктөрүн алып чыгат.
Жаңылыктар түрмөгү
0