14:34 19 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224
Коом
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Жаратылыш кырсыгынын эмнеден келип чыгышы азырынча айтыла элек. Буга чейин ал жердин жанында май куюучу жай (АЗС) болгондугуна байланыштуу төрт бөлүм тартылганы айтылган болчу.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Токмок шаарынын тушундагы камыштан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлаган.

Ага ылайык, Бишкек — Нарын —Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында ачык аянттагы өрт 18-февраль күнү саат 20:24тө чектөөгө алынып, 22:04тө өчүрүлгөн.

Эске салсак, бүгүн, 18-февралда, Токмок шаарынын тушундагы ачык аянтта камыш өрттөнгөн. Ал жердин жанында май куюучу жай (АЗС) болгондугуна байланыштуу төрт бөлүм тартылганы айтылган болчу.

Кырсыктын эмнеден келип чыкканы айтыла элек.

Тема боюнча

Токмоктун талаасындагы камыштан чыккан өрт чектөөгө алынды
Токмокто өрт чыкты. Жалын май куюучу станцияга өтүшү мүмкүн. Видео
Белгилер:
ӨКМ, камыш, талаа, өрт, Токмок

ЭҢ МААНИЛҮҮ