Ош мэриясы "шаарда балдар өлүмү көп катталууда" деген билдирүүгө үн катты

© AFP / PATRICK T. FALLONБала компьютер менен отурат
Бала компьютер менен отурат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучусу шаарга жакын жердеги көрүстөнгө бир жуманын ичинде эле 20 бала коюлганын билдирген.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Ош мэриясынын маалымат кызматы калаада балдар өлүмү көп катталууда деген билдирүүнү төгүндөдү.
Бүгүн Facebook тармагынын Ахрор Иминов аттуу колдонуучусу Ош шаарына жакын жердеги көрүстөнгө жаш балдар көп коюлуп жатканын, бир жуманын ичинде эле 20 бала жерге берилгенин айткан. Ага таянып маалыматты айрым ЖМКлар дагы жазган.
Ал эми Ош шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери январь айынан бери балдар өлүмү катталбаганын билдирди.
"Интернетте тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ушул жылдын январь айынан баштап ар түрдүү оорулар менен 356 бала ооруканадан дарыланып чыккан. Өлүм катталган эмес. Пневмония менен ооруган балдардын саны былтыркыга салыштырмалуу аз. 356 бейтаптын ичинен 98 бала пневмония болгон. Ал да коронавируска байланыштуу пневмония эмес", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми акыркы 10 күндүн ичинде 14 жашка чейинки балдар арасында 56 бала пневмония болуп, өлүм катталбаганы айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0