Бишкек — Ош жолунда 113 миң куб метр кар атып түшүрүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРКар тазалоочу шаймандар жолду тазалап жатат. Архив
Кар тазалоочу шаймандар жолду тазалап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына Коргоо министрлигинин артиллериялык тобу тартылат. Соңку эки күн ичинде алар 113 миң куб метрден ашык көчкүнү атып түшүрүшкөн.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кечээ Бишкек — Ош унаа жолунда 92 миң куб метр кар атып түшүрүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кырсыктарды алдын алуу үчүн артиллериялык куралды колдонуп карды атайылап атып түшүрүү иштери Чычкан капчыгайы менен Көчкү-Булак тилкесинде жүргүзүлгөн. Жалпысынан 17-февраль күнү 92 миң куб метр кар көчкү атып түшүрүлгөн. Көчкүнү атайылап түшүрүү үчүн 28 снаряд атылып, бешөө жарылбай калган.
Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2021
Кар көчкү түшөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Кеч киргендигине байланыштуу көчкү түшүрүү иштери аяктаган, бүгүн кайрадан улантылганы кабарланды.
Соңку эки күн ичинде 38 даана снаряд атылып, жалпысынан 113 миң куб метрден ашык кар көчкү түшкөн.
Коопсуздукту камсыздоо жана кырсыктын алдын алуу максатында жасалып жаткан иштер 20-февралга чейин уланмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0