Бишкектин көйгөйүн мэриянын аппарат башчысына түз жеткирүүгө болот. Номери

Жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2021
Жазылуу
Шаардыктар арыз, кайрылууларды жана ар түрдүү маселенин сүрөт менен видеосун мэриянын өкүлүнө жөнөтө алат.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы көйгөйлөрдү мэриянын аппарат жетекчиси Абдес Анарбековго WhatsApp аркылуу билдирүүгө болот. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
"Урматтуу шаар тургундары! Шаарыбыздагы көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун, арыздарды, жоопсуз калган кайрылууларды Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Абдес Анарбеков жеке көзөмөлгө алып, алардын убагында чечилүүсүнө көмөк көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.
Шаардыктар бардык кайрылууларды WhatsApp колдонмосу аркылуу 0553 312 158 номерине жибере алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0