БАЭдеги фонд Кыргызстанга билим берүү комплексин курат

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКурулуп жаткан мектептеги класс. Архив
Курулуп жаткан мектептеги класс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Кыргызстанга фонддун атынан делегация келет. Алар долбоорду ишке ашыруу маселесинин үстүндө иштешет.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Аль-Мактум кайрымдуулук фонду Кыргызстанга билим берүү комплексин курат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Мындай чечим министр Алмазбек Бейшеналиевдин аталган фонддун камкорчулар кеңешинин мүчөсү Мирза Аль-Саег менен жолугушуусунда кабыл алынган.
"Мөөнөтү сүйлөшүлгөндөн кийин Кыргызстанга фонддун делегациясы келиши күтүлүүдө. Алар долбоорду ишке ашыруу маселесинин үстүндө иштешет", — дешти министрликтен.
Бейшеналиев иш сапарынын алкагында БАЭнин билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим аль-Хаммади менен жолукту. Алар билим берүү жаатында кызматташууну талкуулашты.
Мындан сырткары, министр Бейшеналиев Мохамед бин Заед аль-Нахаян атындагы дүйнөдөгү биринчи жасалма интеллект университетине барды.
Жаңылыктар түрмөгү
0