УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев качан өлкөгө кайтары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу 6-февраль күнү чет өлкөгө учуп кеткен. 12-февраль күнү ага Германияда операция жасалган.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга 18-февраль күнү саат 10:00дө учуп келет. Бул тууралуу анын жакын адамдарынын бири Өткүрбек Рахманов Facebook баракчасына жазды.
Ушундай эле маалымат президент Садыр Жапаровдун Telegram каналына жарыяланды.
Анда айтылгандай, Ташиев келери менен кайра эле Баткен облусуна учуп кетет.
"Урматтуу мекендештер, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев буюрса эртең, 18-февралда, саат 10:00дө чет мамлекеттен "Манас" аэропортуна учуп келип, саат 11:00дө Баткен облусуна учат. Тийиштүү маселелер жеринде каралат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин Камчыбек Ташиев Facebook баракчасы аркылуу чет өлкөгө кетип жатканын билдирген. Бирок кайсы өлкөгө кетерин, эмнесине операция жасатарын жазган эмес.
Көп өтпөй УКМК төрагасына жакын адамдары операция 12-февраль күнү Германияда жасалып, ийгиликтүү болгонун айтышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0