Токтогулга тете. Ысык-Көлдө кубаттуу ГЭС куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүГЭС курулушу. Архив
ГЭС курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Бийлик бул долбоор тууралуу бир нече жыл мурда эле айткан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кытайды иштешүүгө чакыруу пландаштырылып жаткандыгын дагы билдирген.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстан Ысык-Көлдө Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин төрагасынын кеңешчиси Чоробай Акунов билдирди.
Ал гидроэнергетика боюнча конгрессте сөз сүйлөдү.
"1100 мегаватт кубаттуулуктагы Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Акунов.
Бирок ал сүйлөшүүлөр ким менен кандай шартта жүргүзүлүп жаткандыгын так айткан жок.
ГЭС курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2021
КРде ГЭС курууга алынган лицензияны башкага сатып ийүүгө тыюу салуу сунушталды
Эске салсак, бийлик бул долбоор тууралуу бир нече жыл мурда айткан. 2006-жылы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу башталгандыгы айтылган. Аталган каскадда өндүрүлгөн электр энергиясы Кытайдын Синьцзянь-Уйгур автономиялуу районуна жеткирилет деп болжолдонгон. 2013-жылы президент Алмазбек Атамбаев Кытайды аталган долбоор менен иштешүүгө чакыруу пландаштырылып жаткандыгын айткан.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы эң ири болуп Токтогул ГЭСи саналып, анын кубаттуулугу 1200 мегаваттка жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0