Бишкекте эки киши көз жумуп, жалпы 55 адам СOVID жуктурду. Статистика

© AFP / JEFF PACHOUDБейтаптын колунан кармап турган дарыгер. Архив
Бейтаптын колунан кармап турган дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Акыркы суткада Жалал-Абад облусунда гана COVID-19 жуктургандар болгон жок. Ал эми Бишкек менен Чүйдө ооругандар азая элек.
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 61 киши коронавирустан айыкты, ошол эле учурда 55 адам илдет жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек — 27;
  • Ош шаары — 2;
  • Чүй облусу — 18;
  • Ош облусу — 0;
  • Талас облусу — 1;
  • Нарын облусу — 7;
  • Ысык-Көл облусу — 4;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Баткен облусу — 0.
Кыргызстан боюнча сакайгандардын саны 82 452ге жетти.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек — 14;
  • Ош — 2;
  • Чүй облусу — 20;
  • Ош облусу — 3;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 4;
  • Ысык-Көл облусу — 9;
  • Жалал-Абад облусу — 0;
  • Баткен облусу — 1.
Пандемиядан бери 85 619 адамдан коронавирус чыкты.
Тилекке каршы, COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында эки киши көз жумду. Ушуну менен дартты жеңе албай калгандардын саны 1 446га жетти.
Учурда стационарда 410 бейтап дарыланууда. Алардын 265сы орто, 123ү оор, 22си өтө оор абалда.
Жаңылыктар түрмөгү
0