Агасынан таяк жеп майып болгон 7 жаштагы Ибрагимге батир белек кылышты

© Sputnik / Владимир ПесняМайып бала. Архив
Майып бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Баланы өгөй энеси асырап алган, алар буга чейин Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда батирде жашап келген.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Озерное айылындагы жети жашар Ибрагимге эки бөлмөлүү батир белек кылышты. Бул тууралуу "Рахим" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Айдар Окенов билдирди.
2015-жылы Аламүдүн районунун Озерное айылында кичинекей Ибрагимди агасы катуу сабап, комага түшүп калган. Бактыга жараша, дарыгерлер эки жашар наристени сактап калышкан, бирок ал өмүр бою майыптар коляскасына отуруп кала турган болду. Бул кайгылуу окуя көпчүлүк кыргызстандыктарды аң-таң кылган.
КР маданиятынын мыкты кызматкери, социалдык коргоонун отличниги, көптөгөн диплом, грамота, төш белгилердин ээси Назгүл Насиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Назгүл Насиева: балдар үйүндөгү бөбөктөрдүн кечинде жатканда ыйлаганы жүрөк тилет
Азыркы тапта Ибрагимди атасынын мурдагы аялы Диана Сайимова асырап алган. Ал эки баласы менен (өзүнүн дагы жети жаштагы кызы бар) Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде кичинекей батирде жашап келген.
"Рахим" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Айдар Окенов бул үй-бүлөнүн шартын көрүп, Көк-Жар кичи районунда жаңы салынган үйдөн эки бөлмөлүү батир белек кылууну чечкен. Бүгүн, 16-февралда, Сайимовага толук оңдолуп бүткөн аянты 55 чарчы метрлик батирдин ачкычын тапшырышты.
"Мен бул үй-бүлөгө 2017-жылдын май айынан бери каралашып келем. Алар биздин жалгыз бой энелерди колдоо программасына кошулуп, ай сайын 5000 сомдон алып турушат. Наристенин Россияда реабилитациядан өтүүсүнө кеткен каражаттын бир бөлүгүн да фонд төлөп берген. Ибрагимдин жан кейиткен тагдырын укканымда четте карап тура албадым. Аны менен тең менин да уулум чоңоюп келе жатат. Ошондуктан Ибрагим кабылган окуя мени терең ойго салды", — деди Окенов.
Бул үй-бүлөнүн күнүмдүк керектөөлөрүн эсепке албаганда эле жалаяк, дары-дармек, реабилитацияга бир топ акча керектелет. Баарынан да бейтапканага, мектепке жакын жерден үйлүү болууну эңсешкен.
Вручение документов от жилья горожанам, которые оказались в трудной жизненной ситуации в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2020
Мэрия 7 аяр үй-бүлөгө батир берди. Турак жай курууну улантуу каралууда
"Ибрагимдин акыбалы мурдагыдай эле оор, ал толугу менен менден көз каранды, өзүн-өзү карай албайт. Албетте, "Рахим" кайрымдуулук фондунун мындай белеги баламдын келечеги үчүн күрөшүүгө шыктандырып, күнүмдүк айрым көйгөйлөрүбүздүн чечилишине жардам болду", — деди баланын камкорчусу Сайимова.
Кыргызстанда Ибрагимге талап кылынган реабилитациялык борборлор жок болгондуктан баланы Россияга алып барыш керек.
"Бала баш сөөгүнөн катуу жаракат алган. Ооруканадан чыккандан кийин талма оорусунун оор формасы менен жабыркап, буту-колу шал болуп калды. Дарыгерлер бала айлана-чөйрөгө эч кандай реакция кылбайт деп айтышкан. Бирок реабилитациядан өтүп абалын бир аз жакшырттык. Азыр ал өз алдынча отуруп өзүн-өзү карай албайт, бирок ага сырткы чөйрө таасир берип жатканы байкалууда", — деди Сайимова.
Бүгүнкү күндө бул үй-бүлө мамлекеттен ай сайын 8 900 сом материалдык жардам алууда.
"Рахим" кайрымдуулук фонду да Ибрагим бойго жеткенче жардам берүүнү улантарын айтып, бардык кыргызстандыктарды четте калбоого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0