Алматы – Ош – Алматы чартердик каттамы ачылды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Кыргызстандын өкмөт башчысы Алматы шаарында ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен сүйлөшүп жатып авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселесин көтөргөн.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Алматы — Ош — Алматы багыты боюнча чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
16-феварль күнү Алматы шаарынан учуп келген SCA авиакомпаниясынын алгачкы учагы "Ош" эл аралык аэропортуна келип конгон.
"Чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат. Алгачкы каттамда Ош шаарынан Алматыга бир кичине баланы кошкондо 142 жүргүнчү учуп кетти", — деп жазылат маалыматта.
"Манас" эл аралык аэропорту чартердик каттамдын ачылышын жүргүнчүлөр тарабынан суроо-талаптын көп болгондугу менен байланыштырды.
Премьер-министр Улукбек Марипов ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен сүйлөшүп жатып авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселесин көтөргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0