Сокулукта китепканачысы пневмониядан көз жумган мектеп аралыктан иштей баштады

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүКитепкана. Архив
Китепкана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Мектеп жетекчилиги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгына маалымат берген соң окуучулар эки аптага аралыктан окууга жөнөтүлдү.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 орто мектебинин окуучулары китепканачынын өлүмүнөн кийин аралыктан окууга кетишти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
"Мектеп жетекчилиги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгына маалымат берген соң окуучулар эки аптага аралыктан окууга жөнөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Кабарда айтылгандай, китепканачы пневмония жуктуруп алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0