Эндокринолог күтүүсүздөн семирип кетүүнүн беш себебин атады

© Фото / Pixabay / Bru-nOАшык салмактагы аял. Архив
Ашык салмактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Ашыкча салмакка алып келген дагы бир себеп — бул организмдеги суунун жетишсиздиги. Дарыгердин айтымында, тынбай суу ичип турганда зыяндуу калорийлердин саны азайып, организм тазаланат.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Россиянын "Мединцентр" клиникалык-диагностикалык борборундагы эндокринология бөлүмүнүн башчысы дарыгер-эндокринолог Елена Губкина дароо семирип кетүүнүн беш себебин атап берген. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
"Адамдын жашоо образы анын ден соолугуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Уйкунун бузулушу, туура эмес тамактануу, көп кыймылдабоо жана суу ичүү режими — мунун баары ар түрдүү оорунун келип чыгышына себеп болот", — деген Губкина.
Адистин айтымында, уйкунун канбай калуусу метаболизм процессине таасир этип, киши семирет. Стресс узак убакытка созулган учурда да адам дароо толуп кетиши мүмкүн. Губкина түшүндүргөндөй, стресс учурунда кортизол гормону көп көлөмдө бөлүнүп чыгып, май запастарын тез эле толтуруп коёт. Эгер стресстен адам өз алдынча чыга албай жатса, анда адиске кайрылуу сунушталган.
Артты карап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2021
Интеллектуал адамдар кайсы ооруга көп кабылат? Дарыгердин пикири
Ашыкча салмакка алып келген дагы бир себеп — бул организмдеги суунун жетишсиздиги. Дарыгердин айтымында, тынбай суу ичип турганда зыяндуу калорийлердин саны азайып, организм тазаланат. Ар түрдүү дары-дармектерди колдонуу дагы адамды ашыкча салмакка алып келиши ыктымал. Буга байланыштуу препараттарды дарыгердин көрсөтмөсү жок ичүүгө болбойт.
Эндокринолог чылымды таштоого аракет кылгандар дагы дароо толуп кетиши мүмкүн экенин эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0