Бүйлө жабыркайт. Тиш тазалоодо көпчүлүк байкабаган каталар

CC0 / Martin Slavoljubovski / PixabayЕжедневная чистка зубов
Ежедневная чистка зубов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Германиялык стоматолог ооз көңдөйүн тазалаганда билип-билбей кетирген каталар кандай кесепетин тийгизерин айтып берди.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Тиш тазалоодо кетирген каталардан улам кийин көптөгөн көйгөйлөр жаралат. Бул тууралуу германиялык стоматолог Маркус Фелбердин Focus журналындагы маегине шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.
Дарыгердин айтымында, тишти тамактанып бүтөрүбүз менен тазалоо туура эмес. Анткени тамактанып бүткөндөн кийин тишти зыяндуу заттардан коргоп туруучу пленка кайрадан калыбына келгиче бир аз убакыт талап кылынат. Ал пайда боло электе тишти щётка менен тазаласа эмаль жабыркайт.
"Щётка менен бүйлөнү катуу сүрүүгө болбойт, былжырлуу чел өтө назик болгондуктан, бат эле жараат алып калышы мүмкүн. Ошондой эле соода сыяктуу агартуучу каражаттарды күн сайын колдонуу сунушталбайт. Алар дагы эмалды талкалайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми тишти тазалоочу жиптердин зыяны жок экени айтылат.
Мындан тышкары, адис тиштин арасында калган тамакты алма жеп кетирип алам деп ойлоо жаңылыштык экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0