Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги электр зымдарындагы көгүчкөндөр. Архив
Бишкектеги электр зымдарындагы көгүчкөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
16-февралга караган түнү жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Таласта +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +17…+22, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8, Нарын жергесинде +2…+7 градус болору болжолдонду.
Күндүн табы Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +20…+22 градус болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0