Сабырбек Жумабеков эл аралык сынакта "Жылдын мыкты окумуштуусу" аталды

© SputnikБишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков. Архив
Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Конкурстун жыйынтыгы менен дарыгерге эл аралык сертификат (диплом) жана уюмдун эмблемасы берилгени айтылат.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков "Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020" номинациясына ээ болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба Минздрава КРБишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков "Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020" номинациясына ээ болду
Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020 номинациясына ээ болду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков "Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020" номинациясына ээ болду
© Фото / пресс-служба Минздрава КРКыргызстандык дарыгерди штаб-квартирасы Чикагодо жайгашкан International Achievements Research Center (Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору) уюмунун тандоо комитети травматология жана ортопедия тармагы боюнча мыкты деп тапкан.
Кыргызстандык дарыгерди штаб-квартирасы Чикагодо жайгашкан International Achievements Research Center (Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору) уюмунун тандоо комитети травматология жана ортопедия тармагы боюнча мыкты деп тапкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кыргызстандык дарыгерди штаб-квартирасы Чикагодо жайгашкан International Achievements Research Center (Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору) уюмунун тандоо комитети травматология жана ортопедия тармагы боюнча мыкты деп тапкан.
1/2
Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков "Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020" номинациясына ээ болду
2/2
Кыргызстандык дарыгерди штаб-квартирасы Чикагодо жайгашкан International Achievements Research Center (Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору) уюмунун тандоо комитети травматология жана ортопедия тармагы боюнча мыкты деп тапкан.
Ага ылайык, кыргызстандык дарыгерди штаб-квартирасы Чикагодо жайгашкан International Achievements Research Center (Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору) уюмунун тандоо комитети травматология жана ортопедия тармагы боюнча мыкты деп тапкан.
Аталган борбордун эксперттери жана өнөктөштөрү дүйнөнүн ар кайсы регионунун абройлуу өкүлдөрүнөн турат.
"Травматология жана ортопедия тармагына кошкон салымын жана изилдөөлөрүн, жарыяланган макалалары менен патенттеринин санын, докторлук жана кандидаттыкты жактоодогу насаатчылыгын, илимий конференцияларга жана долбоорлорго катышуусун, илимий чөйрөдөгү лидерлигин, улуттук жана эл аралык сыйлыктарын эске алуу менен Сабырбек Жумабеков "Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020" номинациясынын жеңүүчүсү деп табылды", — деп билдирди министрлик.
Конкурстун жыйынтыгы менен дарыгерге эл аралык сертификат (диплом) жана уюмдун эмблемасы ыйгарылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0