Эки күндөн бери изделип жаткан Садык Дуулатов табылды

© Фото / Pixabay / Steve BuissinneКарыя киши. Иллюстративдик сүрөт
Карыя киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
13-февраль күнү Бишкектин чет жакасында жайгашкан Ак-Жар конушундагы үйүнөн чыгып кетип кайтып келбеген Дуулатовду жакындары жана Аламүдүн районунун милициясы издеп жаткан.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Эки күндөн бери Бишкек шаарынан жана анын чет жакасынан изделип жаткан 70 жаштагы Садык Дуулатов табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жакындары билдирди.
© Фото / предоставлено родственниками пропавшегоЭки күндөн бери Бишкек шаарынан жана анын чет жакасынан изделип жаткан 70 жаштагы Садык Дуулатов табылды
Пропавший Садык Дуулатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эки күндөн бери Бишкек шаарынан жана анын чет жакасынан изделип жаткан 70 жаштагы Садык Дуулатов табылды
"Аман-эсен. Бишкектен эмес, Кант шаарынан табылды", — деп билдиришти жакындары.
Эске салсак, Альцгеймер илдетинен жапа чеккен 70 жаштагы Садык Дуулатовду жакындары жана милиция издеп жаткан. 13-февраль күнү Бишкектин чет жакасында жайгашкан Ак-Жар конушунда жашаган жеринен чыгып кеткендигин айтышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0