"Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Үкүбаев эки айга камалды

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Улуттук коопсуздук кызматы Үкүбаевди 12-февралда алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылган деген шек менен кармаган.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Пара талап кылууга шектелип кармалган "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Элмырза Үкүбаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылган.
УКМК Үкүбаевди 12-февралда кармаган. Ал алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылган деп шектелүүдө.
34 жаштагы Элмырза Үкүбаев былтыр ноябрь айында "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0